"Жакшыны көрө албаган көр пенде экенсиз...". Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы билдирүү таратты

Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун манасчыны сынга алган билдирүүсүнө үн катты.

Ал социалдык тармактагы баракчасына Эдил Байсаловдун билдирүүсү “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин сөзү экенин айтып, жазып чыкты.

"Талантаалы Бакчиев аба, көшөгөнүн артында көрүнбөй тура бербей, ачыңыз жүзүңүздү!

Бирөөлөрдү эдиреңдетип эмне ойлорду бергениңиз маалым эле бизге. Эдил Байсаловдун Дөөлөт Манасчы туурасында жазган оюу, сөзмө-сөз баары сиздики! "Гиннес үчүн узакка эмнеге айтат, Манастын кадырын түшүрүп" деп дал ошол Байсалов жазган пикирди мага, Таластан Манас чоку, Чыңгыз чокуларынын астында, Кочкор Ата мазарында фестиваль өтүп жатканда, боз үйдөн айткансыз. Мен ошондо таң калганымдан гана унчуккан эмесмин. Сиздин ичи тардыгыңыз дагы ичиңизге батпай кетет тура. Дөөлөт узак сааттарга, токтобой Манас айтса Манастын баркы кетип калбайт. Манастын касиетин арттырып айтып жүрөт. Дөөлөттүн чоң миссиясы Манасты даңазалоо. Ал ошол миссияны татыктуу аркалап келет. Дөөлөт эч кимге жамандык каалабаган асыл адам. Сизге Дөөлөт эч нерсе деген эмес, абам деп эле сыйлап келген. Көрсө, сиз жакшыны көрө албаган эле көр пенде экенсиз!

"Манасчылар кенен болгула" деп Бексултан Жакиев көп айтат дечү эле. Ал эми Дастан Сарыгулов Манасчынын ичинде арамзалык, көрө албастык, бузукулук, ичи тарлык кирип алса Манаска орун калбай калат, таза болгула деп айтат деп Дөөлөт дайыма айтат. Баарын бурмалап буруп, бийликке иштеп берген, адаштыргандын бири сизсиз! Сиз дагы узак айта бериңиз, сизди ким кой деп атат... Манасчы узак айткан сайын ачылаарын жокко чыгарасызбы? Күндөп-түндөп Манас айткан залкар аталарыбызчы?!. Жаанга, түнгө карабай айтылган, кетпей муюп уккан ата-бабалардычы? Болгону, өзүңүз кыла албаган соң эле, баарын өзүңүзгө ылайыкташтыра бересизби?

Сиз эреже орнотуп, кантип Манас айтуу керектигин үйрөтө албайсыз. Сизди илимий чөйрөгө алып келип жактатып жардам берген илимпоз Жылдыз Орозобекованы "сокурду суудан өткөрсө ат меники" кылбадыңыз беле?!. "Манастын ашы" китебиңизди, кайсы варианттан алганыңызды урпактары айтып эле келген. Саякбай Каралаев тууралуу изилдөөңүздү Саякбай изилдөөчү Саадат эженин эмгегинен көчүрүп алганыңызды эже айтып жүрөт. Камила Талиеванын "Семетейчи Сейдене" аттуу изилдөөсүн өзүңүздүкү кылып доклад жасаганыңыз боюнча эмне дейсиз, айта берсе көп эмгектерди уурдап алган экенсиз го. Кусеин Исаев абага кандай адамгерчиликсиз мамиле кылганыныз окумуштуулар чөйрөсүндөгүлөр жакшы билет. Илим өссүн десек, Эдил Байсалов ушул боюнча сөз кылышы керек. Ушундай нерселерди дагы мамлекеттик деңгээлде маселе кылып айтып, таза илим-билимге үндөшүбүз керек эмеспи?

Дөөлөт өз эмгеги менен жүрөт. 12 жашында Манас айтууга аян алып, кайын атам Кудайга жалынып жолун ачып, Дөөлөткө үзүлө түшүп карап, өзгөчө өнөр ээси экенин илгери эле билчү экен. Кичине кезинен эле далай сынактарды жеңип, тиешелүү тепкичтер менен өскөн инсан. Сиз Дөөлөттүн атасын, кайын атамды таанычусуз. Ал киши дагы Манас айтаарын билчүсүз, ошондой нарктуу кишинин уулун, кызмат үчүн каралап бергениңиз ыпластык болду. Сиз мага бир нече жолу менин жолдошумду, балдарымдын атасы Дөөлөт тууралуу жаман айткан адам катары күмөнүм бар эле... Тилекке каршы ошону элге ачыктадыныз.

Кудай карап турат, Манас атабыздын арбагы күбө баарына!", - деп жазган Ырыс Окенова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан