Буга чейин “SUPER
KG” маалымат порталынан Бишкек ШИИББинин берген маалыматына ылайык, Бишкекте 1
жаш 8 айлык кыздын катуу токмокко кабылып, шаардык №3-балдар
ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу кабарлаганбыз. Бул кылмышка
шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Дубанаева Гүлмира кармалып,
убактылуу кармоочу жайга камалган. Төмөндө Дубанаева Гүлмиранын суракта берген көрсөтмөсү өзгөртүүсүз берилди.
- Атыңыз ким?
- Дубанаева Гүлмира.
- Кайсы жылы туулгансыз?
- 1978-жылы.
- Бишкекке кайсы жылы келдиңиз?
- 2009-жылы.
- Жолдошуңуз барбы?
- Бар.
- Балдарыңызчы?
- Бар.
- Канча жашта?
- 3 жаш, анан 1 жаш.
- Кайсы жакта жашап жаттыңыз?
- Кызыл-Аскерде.
- Милицияга эмне болуп түштүңүз?
- Кайнимдин кызын
ургандыгым үчүн.
- Канча жашта?
- 1 жаш 8 ай.
- Аны эмнеге урдуңуз эле?
- Төшөккө сийип,
чыча берет болчу, ошол себептен жиним келип... Балдарым да сийип, чычат. Аларга
да жиним келчү, ошол себептен ургам.
- Ал кыз силерде канча убактан бери жашачу?
-1 айдан бери.
- Ал кыз азыр каякта?
- Ооруканада,
реанимацияда.
- Диагнозун билесизби?
- Диагнозун азыр
билбеймин.
- Кантип сабадыңыз?
- Жерге колум менен
түрткөм, башы менен дубалды сүздүргөм, анан тамак ичерде аябай ыйлачу. Көп
тамак иччү. А мен ченеп, аздан берчүмүн.
- Эмне үчүн урганыңызды жана кирдин суусун ичиргениңизди
айтып берсеңиз?
- Ошо, сийип-чычканы
үчүн ургам. Анан кир жууп отурсам жаныма келди эле, кирдин суусун ичирип
койгом.
- Бул жакта күбөлөр отурат. Алар көрсөтмө берип жатышат. Алардын
айтуусу боюнча, сиз 1 жаш 8 айлык кызды кар жааганда тазикке муздак суу
толтуруп, ошого отургузуп эшикке чыгарганыңыз чынбы?
- Чын.
- Ушунун баарын эмне себептен кылдыңыз?
- Ошо акча жок болуп
жаткан. Батирге акча жетпей жаткан. Көмүргө акча жок болчу. 1500 сом жетпей
жаткан. Анан "сенин иниң деле (Мирананын атасын) акча берсин" деп күйөөмө
жиним келип уруша кетип, анан ошенткем.
- Кылмыш кылганыңызды мойнуңузга аласызбы?
- Ооба.
- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
- 2 балам.
- Аларды да ушинтип сабачу белеңиз?
-Урам кээде.
- Аларды да муздак суу куюлган тазикке салчу белеңиз?
-Жок, аларды салчу
эмесмин.
- А эмне себептен аны салып, балдарыңызды
салчу эмессиз?
- Жиним келген үчүн.
- Мурун соттолгон белеңиз?
- Жок.
- Кылган ишиңизге өкүнөсүзбү?
- Ооба, өкүнөм.
- Каяктын тургунусуз?
- Токтогул.
Бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алып, Мирананын ал
абалын билүү максатында анын энеси, Бактыгүл Таштанбековага кайрылып төмөнкүдөй
жооп алдык.
- Мирананын учурдагы абалы кандай?
- 23-ноябрь күнү
комага түшкөн. Ошол бойдон өзүнө келе элек болчу. Бүгүн (28-ноябрь) дарыгерден
сурасак, кичине колун, оозун кыймылдатып калды деди. Башка эч кандай жылыш жок.
- Маалыматка караганда кызыңыздын биринчи ирет токмоктолушу эмес
экен. Буга чейин таяк жегенин билген эмессизби?
- Акыркы жолу 20-ноябрда
келип, кийимдерин алмаштырып кеткем. Бирок анда анын денесиндеги көктөрдү жакшы
карабай, байкабаптырмын. Көрсө, буга чейин эле уруп жүрүптүр. Бул тууралуу
тергөө иштеринин жүрүшүндө уктум. Булар тууралуу анын (Дубанаева Гүлмиранын) 8-класста
окуган сиңдиси айтып берди. Сиңдисине “Бул боюнча мага айтып турсаң болбойт
беле, чоң кыз экенсиң" десем, "сизге айта албай койдум” дейт.
- Тергөөдө Гүлмира Дубанаева “кайним баласын караганым
үчүн 2000 сом бермек. Ал бербей койгондон улам жиним келип сабап
салгам” деп айтыптыр го.
- Биз да бул
тууралуу кечээ телевидениеден угуп, таң калдык. Жеңем менен эч кандай
келишим түзгөн эмеспиз. Ал деле “караганым үчүн акча бересиң, бербесең мен
карабаймын” деп айткан эмес. Эгерде айтса, минтип азап тарткычакты кызымды алып, өзүм карабайт
белем.
- Кызыңызды таштап жатканда сиздерди ээрчичү
эмес беле?
- Ээрчийт болчу. Бирок биз
бардык эле балдар ата-энесин ээрчип ыйлашат деген ойго токтолуп кете
берчүбүз.
- Өзүңүз эмне иш кыласыз?
- Күйөөм экөөбүз тең
автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Ал жер суук болгондуктан, кайнагам “Бул жер
суук экен. Кызыңарга суук тиет. Менин аялым эки баланы карап үйдө отурат. Тамак-ашын жеткирип турсаң, эки бала менен
чогуу чоңойо берет. Жубайым менен сүйлөшүп көрөйүн, макул болсо үйгө алпар,
кантсе да бир тууганбыз го” деген сунушун айткан. Биз болсо адегенде жубайыңыз
менен сүйлөшүп көрүңүз, макул болобу, ошого жараша иш кылалы дегенбиз. Эртеси кайнагам чалып, "макул болду, үйгө алып келе бер" дегенинен алпарган элек.
- Дары-дармектерге каражатты кайдан таап жатасыздар?
- Карызга болсо да акча
таап, эптеп кызыбызды аман алып калуу максатында болгон аракетибизди жумшап
жатабыз.
Учурда бул иш
боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы кандай болот,
маалымдап турабыз.