"Эми кантип жашайм?". "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча айтты

"Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы окуя боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Менин балам классы менен "Ала-Тоо" аквапаркына кеткен. Ал жакта балдар менен эки ата-эне жана куткаруучулар болот дешкен. Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти. Дароо "Тез жардам" чакырышкан эмес, мен ал жакка 15 мүнөттөн кийин келген соң гана "Тез жардам" келди.

Мен эми баламсыз кантип жашайм? Анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Уулум бир айдан кийин 10 жашка чыкмак...", - деп жазган апасы.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан