Бүгүн, 10-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан "UFC Vegas 58" турниринде Рафаэль Физиев атаандашын нокаут менен жеңип алды.
Негизги беттеште Физиев бразилиялык Рафаэль Дос Аньос менен кез келди. Беттеш беш бөлүккө созулуп, бешинчи бөлүктө Физиев атаандашын нокаутка учуратты.
Муну менен Физиев карьерасындагы 12-жеңишине ээ болсо, Дос Аньос 14-жолу жеңилди.