Адилет министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кадрлар бөлүмүнүн башчысы министрликтеги башкы адис кызматына жумушка алуу үчүн жарандан акча сураган.
Айта кетсек, жумушка алуу сынактын негизинде жүргүзүлөт.
Сынактын биринчи турунда кадрлар бөлүмүнүн башчысы тесттин даяр жообун бергендиги үчүн жарандан 400 АКШ долларын алган. Бирок кызматка кирем деген айым тиешелүү бааны албай калгандыктан, андан дагы комиссиянын 8 мүчөсү үчүн деп 2000 АКШ долларын сураган. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы айымдан 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда ага "акча өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.