Тажик тарап оор бронетехниканы, жалындуу от чыгарган ракеталык системаларды (РСЗУ) жана авиацияны колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарга кыргыз тараптан каршылык көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын аймагын, калктуу пункттарын басып алууга мүмкүнчүлүк берилбейт", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.
Окуя болгон жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ок атышууну токтотуу жана абалды стабилдештирүү боюнча чараларды көрүп жатат.