Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
"Тажик тарап алдын ала даярданган жана танктарды, миномётторду, бронетехникаларды жана “Град” ракета системасын активдүү колдонууда. Тажикстан шаар, айыл жана калктуу конуштарга чабуул жасап жатканда чек арачылардан сырткары Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскерлерин колдонууда”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз тарап тажик тарапка ок атышууну токтотууну, сүйлөшүү столуна отуруп, кырдаалды биргелешип чечүүнү талап кылууну улантууда.