Аба ырайы, 11-декабрь: Кыргызстанда күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, карга айланат

11-декабрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, түштөн кийин карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 15-20 метрге  жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +4°C  

Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C  

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C  

Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +3°C  

Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +1°C  

Нарын облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -10°C  

Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +2°C  

Борбор калаада 2009-жылы дал ушул күнү абанын температурасы күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C болгон. 

Эскертүү!!! 2013-жылдын 10-декабрында жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км) унаа жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан