Жылнаама: 13-декабрь. 2003-жылы Ирактын президенти Саддам Хусейн колго түшүрүлгөн

*2003-жылы (10 жыл мурун) КРнын Өкмөтү маданиятыбызга зор салым кошкон инсандардын эмгегин эскерип, улуу манасчылар – Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев, айтылуу акындар – Алыкул Осмонов менен Аалы Токомбаев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго Кыргызстандын ардактуу алтын медалын берүү тууралуу чечим чыгарган.
*1986-жылы (27 жыл мурун) журналист, "2010-2011-жылдардын супер телеалпаруучусу" Жанар Акаев туулган. "Азаттык+" жаштар программасынан кийин элге таанылган. Азыркы тапта "Ыңгайсыз суроолор" программасынын алпаруучусу. 
*1989-жылы (24 жыл мурун) Кыргызстандын №1-ракеткасы Ксения Палкина Орусиянын Хабаровск крайында төрөлгөн. ITF`тин (Эл аралык теннис федерациясы) 23 мелдешинде жеңүүчү аталган. Алардын 7өөндө жекеликте, 16сында жуптукта оюн көрсөткөн. WTA (Айымдар теннис ассоциациясы) рейтингиндеги эң жогорку көрсөткүчү 163-орунду ээлеген (2009). WTA`нын учурдагы рейтингинде 382-орунда турат. Учурда Италиянын Флоренция шаарында жашап, машыгат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан чыгат. Бир кыздын энеси. 
*2003-жылы (10 жыл мурун) Ирактын президенти Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин 9 айдан соң полиция тарабынан колго түшүрүлгөн.
 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан