“Жылдын супер ремейки” наамына Малика-Динанын аткаруусундагы "Ойлорум сага" ыры татыктуу болду.
Бул наам үчүн диплом жана статуэтканы КРнын Эмгек сиңирген артисти, “Заманабыздын супер ырчысы” Айчүрөк Иманалиева тапшырууда. Ошондой эле Малика-Динага "Аю" компаниясынан да белек ыйгарылды.
Жеңиши тууралуу ырчы: “Бул ырды аткарып калганыма абдан кубанычтамын. Биринчи кезекте апама ыраазычылык билдирем. Башында ырга көңүл бурбай ырдагам. 1-2 жолу ырдагандан кийин жакшы көрүп жабышып алдым”,- деп ой бөлүштү.
Эске сала кетсек, “Жылдын супер ремейки” үчүн Сагынычтын “Кетпейм сага жолукмайынча”, Малика-Динанын “Ойлорум сага”, Нурлан Насип менен Аваз Акимовдун аткаруусундагы “Атаман” аталышындагы ырлар ат салышкан.