Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы кырдаал боюнча маалымат берди.
“Баткендеги маселе боюнча тийиштүү органдар менен кошо орун басарым учуп кетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иштеп жатат.
Таш-Тумшук аймагындагы көйгөй мен премьерликке келгенде пайда болду дегенге кошулбайм. Бул мурда эле бар болчу. Таш-Тумшук айылында суу түтүктөрүн куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Айланып өтүүчү жол пикир келишпестиктерден улам оңдолбой калды. Бул боюнча комплекстүү иштешибиз керек.
Чек ара маселелери бир эле Баткен облусуна тиешелүү эмес. Баткен облусу боюнча саат 11лерде губернатор менен сүйлөштүм. Жол ачык, бирок тирешүүлөр бар. Эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Кырдаал көзөмөлгө алынат”,- деди өкмөт башчы.