Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалиев Баткен облусундагы кырдаал боюнча маалымат берди.
"Азыркы тапта сүйлөшүүлөр
жүрүп жатат. Абал көзөмөлдөнүүдө. Баткен-Исфана жолу ачык" деп билдирди.
Депутаттар Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылынын маселеси тез арада чечилиши керектигин баса белгилешти.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында Кыргызстандын 2014-жылга карата бюджетин талкуулап жатат.