Кечээ, 19-декабрда КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Анда ак-сайлыктар Токон Мамытовдон Тажикстанга көз карандысыз унаа жолун куруп берүүнү суранышкан. Вице-премьер-министр болсо жол куруу иштери 2014-жылы баштала тургандыгын айтты. Бирок айыл тургундары “качан техника келип, жолду сала баштаганда гана жолду ачабыз” деп жатышат.