Жакында Ош шаарында түштүк калаанын борбордук аянтын жасалгалоо иштери аяктады. Оштун борбордук аянтына орнотулган Жаңы жылдык балатынын узундугу 28 метрди түздү. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыров маалымдагандай, улуттук калоритте жасалгаланган жасалма балатыны тургузууда коопсуздук эрежелери сакталган.
“Жасалма балаты орноткондугубуздун себеби, экологдордун кеңешине таянып, биринчиден табиятка зыян келтирүүдөн алыс болдук. Анткени жыл сайын балаты орнотууда 20 арчаны кыйчубуз. Экинчиден ал коопсуз жана кулабайт”, - деди Алимбай Кадыров.
Ош шаарын жасалгалоого жана негизги балатыны орнотууга, жарым сааттык фейерверк шоу өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.
Мындан сырткары, борбордук аянтта 20 кичинекей жарык берип турган балатылар шаарга жомоктогудай таасир калтыруу үчүн орнотулган. Жаңы жылдык кече 18:30да башталып, ысык кофе сатуу, сүрөтчүлөр, Аяз ата, Аяз кыз жана жаңы жылдык жомоктогудай жандыктардын тейлөөсү уюштурулган.
Башында жаңы жылдык балатынын жалпы узундугу 26 метр болот деп айтылган эле.