Кечээ, 9-январда Ички иштер министрлигинин академиясында чуу жараткан азык-түлүк сакталуучу кампа жана ашкана журналисттерге көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, 8-январда академиянын сырттан окуу боюнча факультет деканы Афтандил Кадыркулов курсанттарга чириген кактардан компот жасалгандыгы жана каймак майдын ордуна маргарин берилгендиги тууралуу маалымат жарыялаган. Андан тышкары Кадыркулов тендерлер коррупция жолу менен өтө тургандыгы боюнча айткан болчу.
Мунун баары академиянын жетекчилеринин тынчын алды. Ушуга байланыштуу, 9-январда окуу жайдын басма сөз катчысы Элмира Мамытбекова атайын маалымат жыйынын өткөрдү. “Бизди Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматы, прокуратура, ИИМдин комиссиясы текшерип эч кандай мыйзам бузууларды тапкан жок. Подполковник Кадыркуловду жумуштан бошотуу тууралуу буйрук чыкты”,- деп билдирди Мамытбекова жана аталган буйруктун көчүрмөсүн көрсөттү.
Журналисттерге академиянын ашканасын, тамак-аш жасоочу жайын жана азык-түлүк сакталган кампасын көрсөтүштү. Журналисттерге ак майдын идишин ачып көрсөткөн учурда майдын бир бурчу көгөрүп кеткени байкалды. Буга Элмира Мамытбекова "бул майды Афтандил Кадырбеков атайын сактап койду" деп кабарлады. "Ушундай сапатсыз азык-түлүктү байкап калсак, биз сөзсүз түрдө 60 күндүн ичинде өндүрүүчүлөргө кайра тапшырабыз",- деп кошумчалады.
Окуу жайдын ректору Жеңиш Жакыпов бул чыр боюнча өз оюн айтты.
“Башында мен Кадыркулов менен жакшы иштешем деп ойлогом. Тамак-аштын сапаты боюнча комиссия түзүлгөндө, ал башкаруучу кызматына ээ болду. Кадыркулов өзүнүн ишине кошо да ашыкча жумуштарды мойнуна алды. Тендерлерди изилдеп, коррупциялык фактыларды издей баштады. Менин оюмча, аны колдогондор бар. Себеби кээ бир гезиттерде окуу жайды каралаган буйрутма макалалар көп чыкты. Кадыркуловдун негизги максаты - бул академиянын ректору болуу”,- деди ал.
Эскерте кетсек, Жеңиш Жакыпов 2013-жылдын 28-августунда аталган академиянын ректору болуп дайындалган.