Кыргызстанда эркектерге моралдык-психологиялык жактан жардам көрсөтүүчү борборлор иштеп жатат

Кыргызстанда эркектерге моралдык-психологиялык жактан жардам көрсөтүүчү борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу 10-январда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта республика боюнча эки борбор кызмат көрсөтүүдө. 

“Алардын бири Каракол шаарында жайгашкан жана аталган борборго азырынча 8 адам эле кайрылган. Экинчи борбор Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында ачылып, ал аралаш типте (аялдар менен эркектер үчүн) иштеп жатат. Министрдин айтымында, мындай борборлор ар бир райондо иш алып барышы керек” деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырткары статистика боюнча 35 жаштан 65 жашка чейинки эркектердин өлүмү аялдарга салыштырмалуу 3 эсеге көптүгү айтылган. 

Ал эми алкоголдук көз карандылык 8 эсеге көп болсо да, жардам сурап кайрылгандар жокко эсе. Борборлордо эркектердин психолог менен баарлашуусу каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан