UFC уюмунун атактуу мушкери 17 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп кетти

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу мушкер Фрэнсис Нганну Камерундун борбору Яундеде мотоцикл менен 17 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушкер мотоцикл менен катуу ылдамдыкта баратып, достору менен жолугушуудан кайтып келе жаткан 17 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кагылышуу катуу болуп, кыз бир нече метр тоголонгон. Окуядан кийин мушкер кызды өзү ооруканага жеткирип, болгон чыгымды өз моюнуна алган. Бирок дарыгерлердин кылган аракетине карабай кыз ооруканада каза болгон.

38 жаштагы Нганну карьерасында жалпы 21 беттеш өткөрүп, анын 18инде жеңишке жетип, үчөөндө жеңилген. Ал профессионалдык бокста дагы өз күчүн сынап көргөн. Анда Нганну эки беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан