Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда операция жасалды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. “Ахматбек Келдибековдун тизесине операция жасалды. Эки сөөктүн ортосундагы тизе муундагы кемирчек айрылып кеткен. Айрылган кемирчектерди алып, үзүлгөн тарамыштарды тиктик. Учурда абалы жакшы”,- деди Сабырбек Жумабеков. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Депутат Ахматбек Келдибеков “бөйрөгүндө таш бар” деген аныктаманын негизинде буга чейин да дарыланып жүргөн. Бул да адаттагы эле дарылануусу, ага операция жасалбайт” деген маалымат берген. Эске салсак, Ахматбек Келдибеков "Социалдык фондду, кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда мамлекеттин казынасына зыян келтирген" деген айып менен УКМКнын тергөө абагына 2013-жылдын 20-ноябрында камалган.