Жүргүнчү менен коштоп жүрүүчүнүн урушунан улам Санкт-Петербург – Ош катамы Челябинск шаарындагы аэропортко конууга мажбур болду

Жүргүнчү менен коштоп жүрүүчүнүн ортосундагы чыр-чатактан улам №887 Санкт-Петербург – Ош каттамы Челябинск шаарындагы аэропортко конууга мажбур болду. Бул тууралуу 18-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 
Орусия ИИМинин транспорттук башкаруу кызматынын маалыматына ылайык, Челябинск шаарынын аэропортунун полиция бөлүмүнө маалымат түшкөн. 319-аэробустун командири 56 жүргүнчү жана 4 экипаждын мүчөсү менен аэропортко конууга уруксат алган. 
Учактын ичинде жүргүнчү менен борт коштоп жүрүүчүнүн ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча Санкт-Петербург шаарына убактылуу каттоого турган 1984-жылы туулган Кыргызстандын жараны бортто өзүн алып жүрүү боюнча эреже бузгандыгы айтылат. Дааратканада тамеки тартып жаткан жүргүнчүгө эскертүү берилгенде ал экипаждын мүчөсүн бетке соккон. Экөөнүн ортосунда мушташ чыгып, учак конууга мажбур болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан