Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-январь күнү аткезчилик жолу менен азык-түлүк өткөрүп жаткан адам кармалды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хонда үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда сүт азыктары (19 кут каймак жана 6 кут быштак) табылган. Бул факты боюнча материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Ошол эле күнү мамлекеттик чек ара аймагында кармалган адамдын Мерседес-гигант үлгүсүндөгү унаасынан 3 тонна мандарин табылды. Кылмышкер жүктөрү менен Лейлектин Жаңы-Жер айылындагы тийиштүү башкармалыкка өткөрүлдү.