Орусия Федерациясынын ИИМинин Түштүк Урал башкармалыгы Санкт-Петербург - Ош учагында борт коштоп жүрүүчү менен урушуп кеткен кыргызстандык жүргүнчү, 29 жаштагы Чыңгыз Темировго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Маалыматка ылайык, ага Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "бирөөнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылды.
Учурда "сырт жакка кетпөө жөнүндө кол кат" аркылуу тыюу салынып, Орусиянын Челябинск шаарында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.