Кылмышкерлер Барыкинди өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан. Кармаш учурунда Барыкин кылмышкерлердин экөөсүн мылтыгы менен атып өлтүрүүгө жетишкен.
Окуя болгон жерге чек арачылар келишкенде, кылмышкерлер аларга ок чыгарышкан. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан “Пикертык” жылынуучу жайында кылмыштуу топ чек арачылар тарабынан курчоого алынган.
Кылмыштуу топтун байкалгандыгы жана алардын курчоого алынгандыгы тууралуу чек ара өкүлчүлүктөрүнүн байланышы аркылуу Кытай тарапка дароо маалымдалган.
Чек арачылардын "багынгыла" деген талабына кылмышкерлер баш ийишкен эмес. Андан соң атайын операциянын жүрүшүндө Ысык-Көл чек ара кошуунунун чек ара кезметине куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топ башка күч түзүмдөрүнөн кошумча аскер бөлүктөрү тартылбастан, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
Башка күч түзүмдөрүнүн атайын даярдыктагы топторуна аба ырайына байланыштуу окуя болгон жерге өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасынан бир чек арачы жеңил жаракат алды.
Азыркы тапта окуя болгон жай курчоого алынган, иликтөө иштери жүрүп жатат. Райондун борборуна аңчылык лагеринде калган АКШнын жараны Уортер Роджер Эдворт, ошондой эле каза тапкан Барыкиндин денеси Каракол шаарына алынып келинди.