Бишкекте "Эркектердин урологиялык ден соолугунун жумалыгы" өтөт

Борбор калаада 10-15-февралда "Эркектердин урологиялык ден соолугунун жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда маалымат жыйынында Бишкек шаарынын Ден соолук департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев билдирди.
Ошондой эле Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, студенттердин жана куруучулардын поликлиникаларында урология ооруларына кабылган эркектер акысыз маалымат алып жана дарылана алышарын кошумчалады.
Бишкек шаарынын башкы урологу Нурдин Акматовдун айтымында, 2013-жылы урологиялык оорулары менен 3836 адам кайрылган. Алардын 38ине тукумсуздук, 328ине предстаталык бездин рагы диагноздору коюлду.
"Бишкекте урологиялык оорулар өпкө ооруларынан кийин 2-орунда турат",- деди Акматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан