Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлерин атып, качып кеткен кылмышка шектүүлөрдүн унаасы Токтогулдан табылды. Маалыматты 10-февралда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Жусуп Абдылдаев тастыктады. Анын айтымында, алар окуя болгондон кийин Нарын тарапка бет алып, андан соң Жумгал району аркылуу Токтогулга өтүшкөн.
Эске сала кетсек, кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасы бузулуп калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Алардын кавказ улутундагы адамдар экендиги айтылууда.