Экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев Орусияда эки күн убактылуу камак жайында отуруп, эркиндикке бошотулду

Экс-президент Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаеванын күйөөсү Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда эркиндикке бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тойгонбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

“Адил Тойгонбаевди Орусиядан экстрадициялоону талап кылууга Кыргызстандын укугу жок, себеби ал Казакстандын жараны. Тиешелүү соттун токтому жок болгондуктан, анын Орусияда кармалганы мыйзамсыз. Мен Адил Тойгонбаевдин адвокаты катары КРнын Башкы прокурору Аида Салянованы жана тиешелүү кызматкерлерди жазалоону талап кылам”,- деди Икрамидин Айткулов.

Белгилей кетсек, Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: "алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык", "салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу", "уурулук".

2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарган. Ал Кыргызстандан качып кетип, издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан