Интернетте "Жантөрө Сатыбалдиев - коррупционер" деген аудиожазуу пайда болду

Интернет булактарында (http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=48762578) бүгүн, 12-февралда “Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев - коррупционер” деген аталыштагы аудиожазуу пайда болду. Аудионун башталышындагы кыстырмада "Кылмыш иши козголгон. Ал учурда Жантөрө Сатыбалдиев бүт Кыргызстанга А.Кожоев менен тааныш эместигин айтып чыккан. Бирок аудиожазууну изилдеп чыккан соң Жантөрө Сатыбалдиевдин Кожоев менен жакын тааныш болгонун билүүгө болот. Экөө тең бир кылмыш иши боюнча тергөөдөн өтүп жатышкан. Мындай коррупционер “Мистер 10%” бир жарым жылдан бери кыргыз өкмөтүн жетектеп келет" деп жазылган.

Жаздыруу бир нече телефондогу сүйлөшүүдөн турат жана узактыгы 10 мүнөттү түзөт. Анда өкмөт башчы маектешине башкы прокурор менен макулдашканын айтат. “Акчаны счётко которуп, мага "банктан которду" деген справканы көрсөтсө, анан мен "кылмыш ишти жап" деген көрсөтмө берем деди” дегени даана угулат. Сүйлөшүүнүн аягында Жантөрө Сатыбалдиевдин “эгер кийин каршы көрсөтмө берип "аны кылдым, муну кылдым" дей турган болсоң, анда өлдүң” деп айтканы бар. Бирок сүйлөшүүдө кайсы кылмыш иши боюнча сөз болгону жана суралган сумма да ачык айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан