“Сочи-2014”. Жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна Евгений Тимофеев аттанмай болду

Кечээ, 12-февралда жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна “Сочи-2014” Олимпиадасына Евгений Тимофеев катышмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

“Бүгүн, 13-февралда КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти менен жана Тоо-лыжа спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти менен жолугуп, чечим кабыл алышты. 
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев “Сочи-2014” Олимпиадасына катышмай болду. 
Евгений эртең, 14-февраль күнү кечинде учуп келет. Ал 19-февралда жана 22-февралда тоо-лыжа спортунун слалом жана супергигант түрлөрүнөн мелдешке катышат. Бул расмий түрдө бекитилди”,- дейт Канат Аманкулов өз сөзүндө.
Кошумчалай кетсек, 19 жаштагы Евгений Тимофеев Олимпиаданын нормативин толтурган. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан Кыргызстанга 1 гана орун берилгендиктен, Олимпиадага мыкты көрсөткүч ээси катары Дмитрий Трелевский аттанган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
zilish_kg
2014-02-13 14:14:21
ийгилик!
+2
dojdik
2014-02-13 14:23:02
Только ты не подведи . Евгений половина Кыргызстансы болеет за тебя в . России
0
aikow92
2014-02-13 14:30:48
олей олей олееей Кыргызстан -Чемпион!!! Женя алга.а.а.а.а!!!
0
arsi9494
2014-02-13 14:42:29
ууррааа журок тушуп атты эле.. Дмитрий барбай калды деп Атамбаев укса журогунон приступ болот деп))) Евгений алдыга за тебя все страна болеет..)))
+1
lusi2013
2014-02-13 15:04:26
Трелевский не болду эле?
0
admin_superstan
2014-02-13 15:39:55
lusi2013, спортчу жаракат алган:
http://www.super.kg/kabar/news/50799/
0
albinos
2014-02-13 15:12:55
Жакшы жанылык.Евгений ийгилик сага!
0
Brat_Kuba
2014-02-13 15:18:05
Дима 16-февральда дагы чыгат элего
0
aman80-11
2014-02-13 15:35:47
Евгений тизени этият кыл.жыгылзанда башка жагын менен жыгыл эми
0
aman80-11
2014-02-13 15:38:22
Евгений мы за тебя болеем перед
0
Msto005571
2014-02-14 00:35:32
Кайсы куну катышат экен ?
0
92nuraaly
2014-02-14 02:48:19
Оооо Кудай эми жениш бере кор жалгыз спортчубуз Кыргызстанды уят кылбасын.
0
Asus84
2014-02-14 11:15:05
мына кызык тамаша
0
AIZAD
2014-02-14 17:09:16
Удачи!!!!!
0
ARIET95
2014-02-19 05:24:11
Ого мына эмесе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан