"Мени Республикалык оорукананын дарыгерине кол көтөрдү" деген маалыматтар жалган",- деп билдирди SUPER.KG порталына бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев. Айтымында, бүгүн ооруканада Жамал Тургунбаев деген дарыгер менен чырдашканы чын. Окуяны депутат минтип түшүндүрдү:
"Ал дарыгер менин жакын тууганымдын аялына туура эмес диагноз коюп, 10 күндөн бери кереги жок уколдорду берип келиптир. Оорукчан аял комага түшүп, 3 күндөн бери өзүнө келе албай, азыр реанимацияда жатат. Бүгүн эртең менен ооруканага тууганым экөөбүз (комада жаткан аялдын күйөөсү) бардык. Албетте, аялына туура эмес диагноз коюп, өлтүрүп коёюн дегени үчүн шеригимдин жини келип, жанагы врачты жулкулдатты. Ал чуу жаратты. Эч кандай катуу жаракат алган жок. Аны жулкулдатып эмес, керек болсо сотко беребиз. Бейтапка туура эмес диагноз коюлганы аныкталды".
Эскерте кетсек, маалымат булактарына Нурбек Мурашев менен анын тууганы Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевге кол көтөргөнү тууралуу маалымат чыккан эле.