"Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы сыртынан караганда сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок",- деп билдирди бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына акыйкатчы Бактыбек Аманбаев. Айтымында, бул ишти укук коргоо органдары дыкат иликтеши керек.
"Депутаттын жакын тууганы урду" деп ооруканада жаткан дарыгерди көрдүм. Уруп, тепкенин айтууда. Бул окуяда көңүл бура турган башка нерсе бар. Ооруканага кайрылган бир аялга туура эмес диагноз коюлуп, ал комага түшүп калыптыр. Туугандарынын айтымында, аял өтүшүп кеткен сасык тумоо менен дарыгерлерге кайрылган. Азыр деле комада жатат. Бул кооптуу нерсе. Менимче, көз карандысыз комиссия түзүп, аялдын комага түшүп калуусуна эмне себеп болгонун иликтеп чыгыш керек",- деди Аманбаев.
Акыйкатчынын айтымында, акыркы учурда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин үстүнөн арыздануулар көбөйдү. "Акыйкатчы институтуна көптөгөн жарандар кайрылууда. Жакында Токтогул районунун тургуну кайрылды. 8-класста окуган баласынын тиши ооруп Бишкекке келсе, дарыгерлердин шалаакылыгынан уулу каза болуп калыптыр. Саламаттыкты сактоо тармагы реформага муктаж",- дейт башкы укук коргоочу.
Эскерте кетсек, 13-февралда аталган оорукананын дарыгери Жамал Тургунбаев Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен анын тууганы кол көтөргөнүн айтып чыккан.