Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен чырдашып кеткен Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев жаңжал боюнча айтып берди.
“13-февралда саат 10:30 чамасында дарыгерлер менен неврология бөлүмүн текшерип жатканбыз. Текшерүү учурунда бөлүмгө эч ким кирүүгө болбойт. Бирок ага карабастан, эки адам иш бөлмөмө кирип, мени чакырыптыр. Мен текшерүүдө болгондуктан, тез арада барганга мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошентип 5-10 мүнөт өтүп кетти. Дарыгерлер менен чогуу бөлмөгө кирсек, мени чакырткан адамдар отурушуптур.
Бири - ооруган кыздын күйөөсү, экинчиси - бейтааныш. Ошол адам дарыгерлерди сыртка чыгарып жиберди. Мени калтырып, “Сен эмнеге чакырганда келбейсиң? Менин ким экенимди билбейсиңби? Мен Жогорку Кеңештин депутатымын, атым - Нурбек Мурашев” деди.
Андан соң ал мени урганда чалкамдан жыгылып калдым. Ооруп калган кыздын күйөөсү чуркап келип менин бутума тепти. Мурашев муунтуп баштаганда эсимди чала жоготуп алдым.
Өзүмө келгенде депутаттын “Бул жерде болбойт. Жүрү, унаага салабыз” дегенин угуп калдым. Анан экөө колумду кайрып, мени коридорго сүйрөп чыгарышты",- деди ал.
Ошондой эле анын иштеп жатканын айтканына карабай сүйрөп, кийимин жыртканга чейин барганын айтты.
"Башкы дарыгердин орун басары астыбыздан чыга калганда мени коё беришти. Кайра иш бөлмөмө киргенде Мукашев “Эки күндүн ичинде сени камакка отургузбасам, депутат болбой калайын. Мен сени жер түбүнөн табам” деп, экөө тең чыгып кетишти”,- дейт дарыгер.
Белгилей кетсек, Жамал Тургунбаев Улуттук госпиталда дарыланууда. Анын кан басымы көтөрүлгөндүктөн, тамчылатма дары алууда.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-февралда бул окуя тууралуу депутат Нурбек Мурашев "Мен эч кандай врачты урган жокмун. Бирок туура эмес диагноз койгону үчүн аны соттотом" деген. Андан соң ал расмий түрдө билдирүү жасаган. Андан тышкары дарыгер Тургунбаев менен жолуккан акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "ал сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок" деп айткан.