Депутат менен дарыгердин ортосундагы чырдын себепкери болгон аял көз жумду  

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин ортосундагы чырдашуунун себеби болгон аял 14-февралда көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка таянсак, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев жана Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевдин ортосунда жаңжал болгон. Чырдашуунун себебин депутат Нурбек Мурашев "дарыгер менин инимдин аялына туура эмес диагноз койду" деп түшүндүргөн. Мындан сырткары дарыгер Тургунбаев менен жолуккан акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "дарыгер сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок" деп айткан. Бул боюнча Жамал Тургунбаев өз версиясын айтып берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан