Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптар козголоң чыгарышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 18-февралда билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-февралда аталган ооруканага Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү үчүн барышкан. Бирок бейтаптар каршылык көрсөтүшүп, козголоң чыгарышкан. Натыйжасында ошол жерде иштеген 4 медицина кызматкери жаракат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, текшерүү учурунда бейтаптардан баңгизаттары табылган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.