Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кызыл-Жардагы козголоңдо 6 милиция, 3 медицина кызматкери жаракат алды

Кызыл-Жардагы козголоңдо 6 милиция, 3 медицина кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов бүгүн, 18-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-февралда Таш-Көмүр аймактык ооруканасына 9 адам кайрылган. Алардын жетөөсүнө амбулатордук тез жардам көрсөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылган. 

Окуя боюнча комиссия түзүлүп, аны саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жетектөөдө. Азыркы тапта министр Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасынын эмгек жамааты жана жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп жатат.  

Эске сала кетсек, кечээ, 17-февралда аталган ооруканага Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү үчүн барышкан. Бирок бейтаптар каршылык көрсөтүшүп, козголоң чыгарышкан. Натыйжада ошол жерде иштеген 3 медицина кызматкери, 6 милиция кызматкери жаракат алышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, текшерүү учурунда бейтаптардан баңгизаттары табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан