Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын астында активист Жеңиш Молдокматов баштаган “Калыс” саясий кыймылы гейлерге, бисексуалдарга каршы акция уюштурду.
Жалпысынан иш-чарага 50дөн ашуун адам катышты. Уюштуруучунун айтымында, эгер акцияга кимдир бирөө акча сарптаса, бул сан миңге жетмек.
“ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансвеститтер) уюмунун өкүлдөрүнө каршы акциянын негизги максаты - гей-пропагандага тыюу салуу боюнча мыйзам чыгаруу”,- дейт Молдокматов.
Мындан сырткары Жогорку Кеңеште айрым депутаттар гомосексуализмди колдоп жатканын билдирип, бирок алардын аттарын айткан жок.
“Кыргызстанда Илья Лукаш деген белгилүү интернет-блоггер гейлерди колдоо иретинде жазып, "Фейсбукта" атайын ЛГБТны колдоочулардан топ түзгөн. Мындан тышкары ал “Украинадагы Майданды Кыргызстанга алып келебиз” деп жарыялаган. Демек, Илья Лукаштай адамдарды Батыш өлкөлөрү каржылайт”,- деди Молдокматов.
"Европада гейлердин ортосунда нике курууга мыйзам чыгарылды. Эми ал жакта бир туугандардын ортосунда нике куруу сунушталууда. Эгер биз Европа жана АКШнын баалуулуктарын ойлонбой кабыл ала берсек, биздин өлкөдө да ушундай балээ күтүлөт",- дейт “Калыс” саясий кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов.