Дана Абдыбекова: "Назира телефондорун өчүрүп ары алып коюп, ноутбугуна "мунун баары монтаж, жалаа деп айтасыз" деп жазды..." (сурамжылоо кошулду)

Дана Абдыбекова SUPER.KG порталына өз чындыгын айтып маек берген соӊ интернеттеги маалымат булактарына Асыл Аппасованын жообу жарыяланды. Режиссёр айым "Башында монтаж деп жатпады беле, эми айласы кеткенде мени "крайняя" кыла баштадыбы?.. Күлкүмдү келтирди..." деген кыязда маек бериптир. 

"Ооба, монтаж дегем. Аудиожазуу интернетте пайда болуп, биз Индираны издеп баштаганыбызда эле айтышкан, "бул монтаж, жалаа" деп айтасыӊ" деп. Үйдө ооруп жатканымда Назира Айтбекова келди. Телефондорун өчүрүп ары алып коюп, ноутбугуна "Айбекти билбейсиз. Мунун баары монтаж, жалаа деп айтасыз" деп жазды. Мен аны үйдөн кууп чыккам, "көзүмө көрүнбөй жоголчу" деп. Жанымда эжем менен курбу кызым бар болчу, экөө күбө",- деп билдирди Дана Абдыбекова Асыл Аппасовага жооп иретинде.

"Мен акмын" деп эле көкүрөктү чапкылай берсек баарыбызга жарашат. "Монтаж, монтаж" дей берсем мага деле жарашмак да. Бирок ушул абалга алып келгенине дагы Кудайга миң мертебе ыраазымын. Анткени мен өзүмдүн жазамды көрүп жатам...» 

Ушул ойлору менен кошо маектешибиз окуянын башка каармандарын да чындыкты айтууга чакырды.

Чуулгандуу аудиожазуунун тегерегинде дагы кандай жагдайлар ачылды, аны "Супер-Инфонун" 7-мартта чыккан №592-санынан окуӊуздар. Ал эми төмөндө "Чырлуу окуянын каармандарынын кимисине көбүрөөк ишенесиз?" деген сурамжылоого өз оюӊузду билдирсеӊиз болот.

СИЗДИН ОЮҢУЗ
Дана Абдыбекова: «Кудай мени жазалап ооруканага жаткырып койду»
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан