Түркияда полицияга каршы чыккан демонстранттар колдоруна бөлкө нан көтөрүп алышты

Учурда Түркиянын Стамбул, Анталия сыяктуу бир катар шаарларында полиция кызматкерлерине каршы акциялар өтүүдө. Буга өткөн жылы жайында "Гези" сейил багында болгон митинг учурунда полиция кызматкерлеринин огунан башынан оор жаракат алган 15 жаштагы Беркин Эльвандын өлүмү себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 268 күндөн бери комада жаткан Беркин Эльван шейшемби күнү Стамбулдагы клиникалардын биринде каза тапкан. Анын көз жумганын уккан жаштар Анкара шаарындагы чоң жолду тосушкан. Аларды таркатуу үчүн полиция көздү ачыштыруучу газ чыгарышканда, манифестанттар жооп катары таш жана петардаларды жаадырышкан. Эл баш ийбей калган учурда полиция водомёт жана газ гранаталарын колдонушкан.

Учурда өлкөнүн 22 шаарында демонстранттар колуна бөлкө нандарды көтөрүп алып полицияга каршы акцияларды өткөрүшүүдө. Нан көтөрүп алышкандыгынын себебин Беркин Эльвандын митингге эмес, нан алганы сыртка чыкканда каза тапкандыгы менен түшүндүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан