10-мартта дайынсыз жоголгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Бирок кылмышка шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Арзыматов билдирди.
“16-мартта кечки саат 20:30 чамасында Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси табылган. Аламүдүн районундагы Байтик айылынын талаасынан табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Анын ичинде биологиялык экспертиза дайындалып, зордуктоого кабылгандыгы текшерилет. Азыркы тапта бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, тааныштары, акыркы жолу сүйлөшкөн адамдары суракка алынууда”,- деди ал.
Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.