Кара-Көл шаардык кеңешинин мурунку депутаты, коомчулукта Жин деген каймана атка ээ Алтынбек Арзымбаевге кол салуу болду

Кара-Көл шаардык кеңешинин экс-депутаты Алтынбек Арзымбаевге кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта 24.kg өздүк булактарга шилтеме берүү менен жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-мартта Бишкек шаарындагы Дүйшөмбү көчөсүндөгү футбол аянтчаларынын биринде болгон. Анда белгисиз 3 адам Мерседес үлгүсүндөгү унаадан чыгып, Алтынбек мырзага карай ок чыгарышып, качып кетишкен. Экс-депутат качып кетүүгө үлгүрүп, жабыркагандар жок.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, эч кимди табышкан эмес.

Ал коомчулукта Жин деген каймана атка ээ.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан