Буга чейин айтылып келген "ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит экен" деген кептин аягына чекит коюлган өңдүү. Дегеним, кечээ, 31-мартта Нурлан Насиптин ата-энеси Аселге сөйкө салып, Кудай кошкон кудалар бир дасторкондон даам сызып, эки жашка бата берип, той болор күндү белгилешиптир. Мындай маалыматты алардын шоу чөйрөсүндөгү жакын санаалаштарынын бири билдирди.
Анын айтымында, сөйкө салуу салты кечээ, Бишкектеги "Максимус" тойканасында болуп өткөн. Ага Аселдин жана Нурландын жакын туугандары, бир-эки курбу-курдашы гана катышкан. Эки жаштын заманбап тою жай айларына белгилениптир.
Эске салсак, буга чейин "Супер-Инфо" гезити эки ырчынын мамилеси тууралуу жазып келген. Нурлан Насип бул тууралуу суроого "Асел экөөбүз чыгармачылыктагы жакын достордонбуз. Кимибиз кандай ыр жазсак, чогуу угуп, сын-пикир айтышып, колдоо көрсөтүп келебиз. Ортобузда эч кандай мамиле жок" деп жооп берчү. Ал эми Асел Кадырбекова "Кеттиң башкага" деген ырды ырдап чыгып, маегинде "Сүйүктүүм экөөбүздүн айрылуубуз тууралуу ыр. Биздин турмушка болгон көз карашыбыз эки башка экен. Ал жигиттин жоруктарына көзүмдү жумсам да болбоду. Өзү белгилүү эле ырчы. Атын атоонун кажети деле жок" деген эле.
Албетте, кыз-жигиттин ортосунда пикир келишпестиктин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эки жаш мындан ары мындай таарынычтардан оолактап, турмуштун даңгыр жолунда бир-бирине жөлөк-таяк болуп, бактылуу жашоо кечиришин каалайбыз.