8-апрелде казакстандык маалымат каражаттары Казакстандын батышындагы Риддер пунктунда жайгашкан үй толугу менен жер астына түшүп кеткендиги тууралуу маалыматты жана күбөлөрдүн тартып алган видеосун жарыялашты.
Маалыматка ылайык, өткөн аптада Риддер-Сокольный шахтасында көчкү жүрүп, 50Х50 метр өлчөмүндө, тереңдиги 110 метр болгон аң пайда болгон. Көп өтпөй бул аңга турак үй түшүп кеткен. Окуя тууралуу үй ээси Анастасия Татарникова: "Кырсык катталган учурда эмчектеги балам менен үйдө болчумун. Бир убакта асма шам кыймылдай баштады. Эмне болуп кетти деп сыртка чуркап чыксам, үйдүн артында аң пайда болуп калыптыр. Дароо үйгө кирип керектүү документтерди алып чыктым. 1 мүнөт өтпөй үйүм аңга кирип кетти",- деп билдирген.