Бүгүн, 9-апрелде Тынчтык – Москва көчөлөрүнүн кесилишинде МАИ кызматкерин бычактаган жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев кабарлады.
Анын айтымында, саат 11:30 чамасында Тынчтык – Москва көчөлөрүнүн кесилишинде эки жол-кайгуул кызматкери кызматын өтөп жатышкан. Ошол учурда бейтааныш жаран инспектордун аркасынан келип, эч себепсиз сол тарабына бычак сайган. Кийин дагы бычактоого аракет кылганда, экинчи инспектор ага тоскоолдук жараткан. Мындан улам бычак менен тап берип, аны да кубалап жөнөгөн. МАИ кызматкери тапанчасы менен атууга аракет кылган, бирок куралдан ок чыккан эмес. Ошол эле жерден тартип бузуучу милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” жана “бейбаштык, бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, жабырлануучу инспектор Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ага операция жасоо боюнча маалымат келген. Ал эми кылмышка шектүү эмне себептен бийликтин өкүлүнө кол салганы учурда такталып жатат.
"Айыпталуучу жаран үй-бүлөсүндө болгон чыр-чатактардын айынан акыркы күндөрү мас абалында болгондугу аныкталды. Ал эми кылмыш жасаган учурда анын абалы кандай болгонун аныкташ үчүн тергөө тобу аны Наркологиялык диспансерге алып барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары айыпталуучунун психикалык абалы да аныкталат",- деп кошумчалады Олжобай Казабаев.