Бишкекте жеке ишкерден 3500 сом пара алып жаткан жеринен Салык кызматынын өкүлү кармалды

Бишкекте жеке ишкерден 3500 сом пара алып жаткан жеринен Салык кызматынын өкүлү кармалды. Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ленин району боюнча Салык кызматынын өкүлү жеке ишкерден акча талап кылып, Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү токтотуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашырууга убада берген. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 3500 сом өлчөмүндө пара алып жатканда колго түшүрүлдү. Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. 

3 500 сом пара алып жаткан салык кызматынын өкүлү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lusi2013
2014-04-10 09:26:13
Эн жакшы,))
0
sardaralay
2014-04-10 13:23:19
Миллиондорду жегендерди, алгандарды деле кармагылачы. Эч эле корсотпосйунорго же андай адамдар жокпу Кыргызстанда?
0
ainur78007
2014-04-10 17:20:41
иий,кыйраткан турбайсынарбы,ошол 3500ду бюджетке откоруп,ой да жыргайлы)))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан