Оң рулдуу автоунааларды өлкөгө алып келүүгө тыюу салуу кайра жанданат. Оң рулдуу автоунааларды Кыргызстандын аймагына алып өтүүгө тыюу салуу маселеси кайрадан каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн кезектеги жыйынында сөз болду.
Экономика министри Темир Сариев бүгүн таксисттерге оң рулдуу машина менен адамдарды ташууга тыюу салыш керек экенин айтты.
“Эми дароо бул маселеге чек коё албайбыз. Бирок сырттан алып келүүнү токтотушубуз керек”,- деди Темир Сариев.
КРнын ИИМинин Жол коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Исаев дароо эле тыюу салуу жолун сунуштоодо.
“Биз оң рулдуу машиналарды киргизбей коюуга дароо эле тыюу салып койсок жакшы болот эле. Бул маселени эл өзү да колдоп жатат. Анткени жол кырсыгына кабылган машиналардын 50 пайыздан ашыгы ушул оң рулдуу машиналар болуп жатат. Алар эч кандай ызы-чуу чыгарбайт. Биз ассоциациялар менен да сүйлөшүп койдук”,- деди Талантбек Исаев.