“ОшТВ” телеканалы орусиялык инвестордун жеке менчигине өттү

2014-жылдын 27-мартынан тарта “ОшТВ” телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовдун жеке менчигине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кротов Максим Сергеевич - Орусия Федерациясынын жараны. Ал бир гана Орусияда эмес, КМШга мүчө мамлекеттерде ишкердик менен алектенип келет. 

Максим Кротов бул боюнча: “ОшТВны” сатып алуу - менин Борбор Азиядагы жаңы инвестициялык долбоорум. Анткени бул аймакта медиа-ишкердиктин өнүгүүсүнө толук ишенем. Алдымда бир нече милдет турат: телеканалды өнүктүрүүгө акча каражат тартуу, анын диапазонун кеңейтүү, ишкананын пайдалуулугун өстүрүү. Жакын арада биз жаңы структураны жана концепцияны караштырып чыгабыз”,- деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан