Бишкекте куралданган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 15-апрель күнү Бишкекте Lexus GX 470 унаасы токтотулган. Унаанын ичин кароо учурунда Макаров тапанчасы 6 огу менен алынган. Ошондой эле 13 грамм баңгизаты табылган. Унаанын ээси 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран болгон. Ал мурда 4 жолу соттолгон.
Учурда “баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо” жана “ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.