КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыров Бишкектеги борбордук көчөгө Владимир Путиндин ысымын берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу анын президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда айтылат.
"Орусиянын курсундагы биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү XX кылымдын көрүнүктүү саясатчысы, Орусия президенти Владимир Путин жүргүзгөн Орусиянын учурдагы саясий курсу менен байланыштуу. Анын биздин өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролун эске алуу менен Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирин Владимир Путин көчөсү деп атоону сунуштайм",- деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууда Путиндин атын берүүгө туура келген көчө жок болсо, өзүнүн атасынын ысмына берилген Жалил Абдыкадыров атындагы көчөнү Путинге берүүнү, ал эми Ж.Абдыкадыровдун атын Каракол шаарындагы көчөлөрдүн бирине берүүнү сунуштайт Нурлан Абдыкадыров.