Белгилүү ишкер Дмитрий Цой Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.
Айта кетсек, Дмитрий Цой 6-май күнү адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган.
Эске сала кетсек, 2009-жылы айыпталуучу Ысык-Көл облусунда унаасы менен баратып трактор менен сүзүшүп алган. Мындан улам ишкер трактордун айдоочусун тизеге атып, жанындагы дагы бир жаранды тапанча менен башка чаап жиберген. Ошондо бул иш белгисиз себептерден улам жабылып калган.