Кечээ, 14-майда Италиянын Турин шаарында УЕФАнын Евролигасынын финалдык беттеши орун алды. Анда испаниялык “Севилья” менен португалиялык “Бенфика” кез келип, оюндун негизги убактысы 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
Натыйжада “Севилья” оюндан кийинки пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде жеңишке жетишти. Испаниялык клубдун португалиялык дарбазачысы Бету “Бенфиканын” оюнчулары Оскар Кардосо менен Родригонун пенальтисин тосуп, командасына чоң артыкчылык алып келди.
Кошумчалай кетсек, “Севилья” буга чейин УЕФАнын Евролигасын 2-ирет уткан (2006, 2007). Бул наам башкы машыктыруучунун бул клуб менен жетишкен биринчи чемпиондук наамы болду. Ал эми “Бенфика” ушуну менен 8-ирет Европа Лигаларынын финалында утулуп жатат.