Ош. "Кара-Суу" базарындагы кулап түшкөн коомдук ажаткананын тийиштүү жетекчилери 10 жылга эркинен ажыратылды

Ош облусунун "Кара-Суу" базарындагы ажатканадагы кырсык боюнча Мамлекеттик архитектура жана курулуш боюнча көзөмөл инспекциясынын Ош облусундагы мурдагы жетекчи кызматкерлери Сапарбай Атамов жана Хабибулла Алижанов үй-мүлктөрүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Жолборс Кудаяров бүгүн, 23-майда билдирди.

Анын айтымында, чечимди Ош шаардык соту 21-майда чыгарган. 

Эскерте кетсек, 2012-жылы ноябрда "Кара-Суу" базарындагы коомдук ажаткана кулап түшүп, 4 адам каза болуп, 10дон ашуун жаран түрдүү жараат алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jeniw
2014-05-23 10:37:05
Эми чыктыбы соттун чечими туалеттин кулаганына 88жыл болдуго
0
Biinura
2014-05-23 12:04:20
Эч болбосо кеч болсун. Тийиштуу жазаларын алышыптыр. Бирок " мыйзам бузууларга" туш келишпей кабыл алынган окумдун негизинде жазасын толук кандуу отосо дурус болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан