“3 жашар кызын зордуктаган” деп айыпталып жаткан атасы сот залынан өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан бүгүн, 5-июнда билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Үсөн Сакатаевдин иши боюнча сот отуруму болуп жаткан. Анда айыпталуучунун жактоочусу өтүнүч келтирген, бирок аны судья канааттандырган эмес. Ошол учурда “3 жашар кызын зордуктаган” деп айыпталып жаткан Үсөн Сакатаев лезвие менен моюнун кесип жиберген. Учурда анын абалы белгисиз. “Тез жардам” кызматкерлери ооруканага алып кетишкен.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын апрель айында аталган жаран "3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип камакка алынган эле.